Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир ишке себеп, негиз кылуу үчүн бир нерсени шылтоолоп, ага таянып бүтүрүү аракетинде болуу. Акын бу кырчаңгы таздын Бошкойду бетине кармап тийишкенин да түшүндү (Бейшеналиев). Баланын хан атына далдаланып, аны бетине кармап, мени менин эрез талашкысы келип жүргөн кишилер бар эле (Касымбеков). - Жантай баатыр, улуу башыңды кичик кылып, .. жалпы саяктын тоодой кадырмандарын бетиңе кармап келсең мен чанмак белем (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир кыжалаттан чыгуу үчүн же көздөгөн максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн бир нерсени шылтоолоп же бирөөнүн кадыр-баркына таянып, ошого ишенип иш кылуу, өтүнүү. Баласын бетине кармап келгенинен куру чыгара алган жокпуз («Чалкан»). үчөөнүн бетине кармаганы бир гана Зейне («Ала-Тоо»). Акын бу кырчаңгы таздын Бошкойду бетине кармап тийишкенин да түшүндү (Бейшеналиев). Баланын хан атына далдаланып, аны бетине кармап, мени менен эрез талашкысы келип жүргөн кишилер бар эле (Касымбеков). – Жантай баатыр, улуу башыңды кичик кылып, жалпы саяктын тоодой кадырмандарын бетиңе кармап келсең мен чанмак белем (Бейшеналиев).